7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-августтан тарта балыкчыга VIP-купе вагондор каттап баштайт

462

1-августтан баштап Бишкек – Балыкчы — Бишкек поездинин курамына VIP-купе вагону киргизилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Бул вагондун ичинде 6 купе бар, алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео система, ар бир купеде абаны муздатуу системасы каралган. Ички жасалгасы улуттук стилде кооздолгон.

Вагон уюшкан топтордон турган жүргүнчүлөрдүн өзүнчө купеде жүрүүсүнө ылайыкталган. Вагондо кошумча акыга буфет кызматтары көрсөтүлөт.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

463