1-ноябрь, дүйшөмбүдөн тартып жол кире көтөрүлөт. Жаңы тарифти Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бекитишти.
Башкача айтканда, маршруткага жол кире 15 сом, автобус жана троллейбустарга — 11 сом төлөнөт. Ал эми пенсионерлер мурункудай эле автобус менен троллейбустарда бекер жүрө алышат, ал эми маршруткаларга жол акынын 50%ын төлөшөт, башкача айтканда — 8 сом.
Андан тышкары акысыз жүрүү үчүн убакыт узартылды. Эгер буга чейин ушул категориядагы жарандар арзандатылган тариф менен 17:00го чейин жүрүшсө, эми 21:00го чейин жүрө алышат.
Арзандатылган тариф бардык коомдук транспорттордо саат 08:00дон 21:00го чейин иштейт.