Тоңдо 19 жаштагы кыздын жансыз денеси көлдүн жээгинде асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 26-октябрда 1982-жылы туулган жаран кайрылып, 19 жаштагы кызы Тоң районунун Эшперов айылынан чыгып кетип дайынсыз болуп жатканын айткан.
27-октябрь күнү Тоң айылынын көл жээгинен белгисиз кыздын асылып турганын айыл тургуну билдирип, окуя болгон жерге барганда дайынсыз болгон кыз экендиги аныкталган. Эч кандай күч колдонуу белгилери болгон эмес.
Учурда каза болгон кыздын сөөгү Тоң райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө.