Бүгүн, 28-октябрга карата “Империя пиццы” кафесиндеги тамакка уулангандардын саны 300 адамга жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
“28-октябрга карата кайрылгандар 300гө жетти. Кырктан ашууну жаш балдар”,- деди Мурзашев.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканын кабарлады.
Адамдардын уулануусунан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери айтылды.
Эскерте кетсек, 23-октябрда “Империя пиццы” кафесинен тамактангандар ууланышкан. Иликтөө жүрүп жаткан учурда кафени убактылуу жапкан.