Дүйнөдөгү эң популярдуу Facebook компаниясынын WhatsApp мессенджери 1-ноябрь, дүйшөмбүдөн тарта көптөгөн эски смартфондордо иштебейт. Бул тууралуу “Metro” агенттиги маалымдайт.
Жалпысынан бул Android операциялык тутуму 4.1 версиясынан төмөн жана iOS 10 версиясынан төмөн болгон 43 смартфон моделине жеткиликтүү болбойт. Мессенжер мындан ары “iPhone 4S”тин 2011-жылы чыккан версиясында, “Samsung Galaxy Trend Lite”, “Sony Xperia Miro”, “Huawei Ascend G740”, “Alcatel One Touch”, “Evo 7” жана башка көптөгөн смартфондордо иштебейт.
WhatsApp тиркемесин жаңылоого чейин иштей берет бирок, жаңылоону талап кылганда смартфонуңузга жүктөлбөйт. Андыктан дүйшөмбүгө чейин тиркемедеги маалыматтарыңызды, документтерди, жоготуп алуу коркунучунда калган билдирүүлөрдү дароо Google Drive же iCloud’та сактап калууга жетишиңиз.