7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош мэриясы жарнама щиттерин партияларга чүчү кулак менен бөлүштүрөт

367
28-ноябрда боло турган шайлоодо Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу жарнамалык щиттер партиялар менен талапкерлерге чүчү кулак аркылуу берилет. Мындай чечимди кала абашчысы Алмаз Мамбетов 25-октябрда кабал алган.
Чүчү кулак бүгүн, саат 16:00дө мэриянын имаратында өтөт. Катышууну каалоочулардын арызын кабыл алуу кече 12:00дө токтогон.
Ош шардык мэриясынын маалымат катчысы Керимбек Калыкулов билдирген маалыматка ылайык, 7 партия жана бир мандаттуу система менен аттанган бир талапкерден арыз келип түшкөн.
Эске сала кетсек шаар ичиндеги жарнамалык щиттердин ижара акысынан бюджетке жылына 12 млн сомго жакын киреше түшөт.
Ош шаарында жалпысынан 16 муниципалдык щиттер бар, алар:
  1.  Масалиев. пр – Абдыкадыров көч, (болжол БиМ ОшМУ), эки тараптуу, Г-образдуу;
  2.  Масалиева. пр, (болжол Өрт кызматы), эки тараптуу щит, Г-образдуу;
  3.  Курманжан Датка көч. (болжол мамлекеттик соцфонд), эки тараптуу, Г-образдуу;
  4.  Курманжан Датка көч. (бол. ОшМУ), бир тараптуу, Г-образдуу;
  5.  Курманжан датка көч. (бол.Облстат. башкармалыгы), эки тараптуу, Г-образдуу;
  6.  Курманжан датка көч. (бол. Шаардык оорукананын аялдамасы), эки тараптуу, Г-образдуу;
  7.  Ленин көч. (бол.почта бүлүмү), бир тараптуу, Г-образдуу;
  8.  Ленин көч. — Джиннах көч., бир тапатуу, Т-образдуу;
  9.  Айтиев көч. — Руставели көч., эки тараптуу, Г-образдуу;
  10.  Шакиров көч. (бол. ТЦ Датка), эки тараптуу, Г-образдуу;
  11. Толонов көч, (бол.ДОСААФ), эки тараптуу, Г-образдуу;
  12.  Ленин көч.(бол. стадион), бир тараптуу, Т-образдуу;
  13.  Нурматов көчөсү, эки тараптуу, Т-образдуу;
  14.  Б. Осмонов көч.– Р.Абдыкадыров көч, бир тапатуу, мегаборд;
  15.  Кара-Суу көч. — Ж. Раимбеков көч., бир тараптуу, мегаборд;
  16.  Масалиев көч. (бол.аскер кафедрасы), эки тараптуу, АРКА.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

368