Бишкекте мечиттерден уурулук кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-майда мечитке жума намазга келген аял намаз окуп жатканда капчыгын уурдап кеткен, ичинде 36 миң 400 сом жана 17 миң 240 сомдук уюлдук телефону болгон.
Андан сырткары 19-июль күнү мечиттен дагы бир адамдын 10 миң сомдук телефону уурдалган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүгү («уурдоо») менен катталды.
Кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган М.У. аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.