Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну А.М.М. тарабынан уюштурулган дары-дармектердин контрабандалык партиясын ташуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Ал жаран узак убакыт бою Өзбекстан менен чектеш аймакта контрафактылык дары-дармектерди алып келүү жана ташуу менен активдүү алектенген.
22-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында Кош-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармектердин ири партиясы (361 аталыштагы), алардын айрымдары психотроптук баңгизаттар. Ошондой эле ок атуучу куралдар жана чет өлкөлүк унаа номурлары табылган.
Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.