7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстандын коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелерине 20 жыл

556

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы жакын коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Сизге Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктообузду билдирем. Бул негизги документ мамлекеттүүлүктүн жаңы шарттарында биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин укуктук негиздерин бекемдеп, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түздү. Келишимдин жоболорун иш жүзүнө ашыруу мындан ары да конструктивдүүлүк, достук мамилелер, ынак коңшулаштык, өз ара урматтоо жана эки жактуу ишеним принциптеринин негизинде бул процессти натыйжалуу илгерилетүүгө кызмат кылат деп ишенем.

Бул өңүттөн тажик тараптын эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык диалогду улантууга жана тараптардын көп кырдуу байланыштарын ырааттуу өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерге кызыкдар экендигин баса белгилейм. Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге, чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бекем тынчтык жана туруктуулук, өнүгүү жана гүлдөп өсүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

557