7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада «Issyk-Kul ITF 2023» эл аралык туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси өтөт

402

2023-жылдын 13-майында Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

“Рух Ордо” маданий борборунда Issyk-Kul ITF 2023 көргөзмө–жарманкесинин катышуучулары туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрүнүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат, ошондой эле этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, маданий программаны көрө алышат.

IITF 2023 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Issyk-Kul ITF – 2023 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

Ошондой эле, аталган көргөзмө-жарманкенин алкагында 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилинин расмий ачылышына старт берилет.

Кирүү акысыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

403