14-июндан 14-июлга чейин Бишкек — 2 Борбордук вокзалдан жума, ишемби, жекшемби күндөрү Бишкек-Балыкчы-Бишкек- жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз темир жолунан билдирди.
Андан ары 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттайт.
Поезд Бишкек – 2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:46да жетет. Балыкчыдан кайра саат 18:12де чыгып, Бишкекке саат 22: 18де келет.
Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы бар жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар.
Стандарттуу вагондордун жол кире акысы:
- 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз;
- 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом;
- 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн 150 сом.
Люкс вагонунун жол кире акысы:
- 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз;
- 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом;
- 10 жаштан ашкан жүргүнчүгө 500 сом.
ВИП вагонунун жол кире акысы:
- 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз;
- 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 400 сом;
- 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 800 сом.
Кол жүгүн жеткирүү акысыз.