7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Бишкек Нефть Компаниясынын” негиздөөчүсү кармалды

890

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

«Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун «Бишкек Нефть Компаниясы» ЖАКтын май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси Н.А.М. тарабынан каржылоо фактысы аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында Н.А.М. «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин ишкерликти жүргүзүү үчүн колдоо алуу максатында байланыш түзгөндүгү, бул үчүн анын кылмыш ишин бир нече жолу каржылагандыгы жөнүндө далилдер алынды.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

 

891