7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

155 миң сомдук зыян келтирилген. Лейлекте мал уурдаган кылмыштуу топ аныкталды

791

Лейлекте мал уурдаган кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Кулуңду айылынын 30 жаштагы А.Н. аттуу тургуну 2 баш уюн торпогу менен талаага байлап койгон жеринен белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын, жалпысынан ага 155 миң сомдук зыян келтирилгендигин билдирип 13-апрель күнү арыз менен кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Кулуңду айыл аймагынын Интернационал айылынын тургуну 31 жаштагы Ж.Ф. жана Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну 20 жаштагы Т.С. аттуу жарандар экендиги аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүүнүн дагы 5 факт мал жандыктарды уурдалгандыгы жана Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 28 жаштагы Р.Б. аттуу жаран кылмыштуу шериги экендиги аныкталып кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

792