Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 2-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 34 жаштагы жаран белгисиз адам тарабынан сабалып, ооруканада каза болду. Бул боюнча облустук милициядан маалымдашты.
Билдирмеге караганда, ал 26-июндан 27-июнга караган түнү ооруканага жаткырылып, 29-июнда өзүнө келбей көз жумган.
Бул факты Кара-Көл ШИИБи тарабынан алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүп, белгисиз жаран тарабынан сабалганы аныкталган.
Окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (денеге оор залал келтирүү) негизинде сотко чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.