7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20-25 миң дозага барабар… УКМК 30 млн сомдук синтетикалык баңгизат саткандарды кармады

244

Өлкөгө абдан кооптуу синтетикалык баңгизаттарды туруктуу ташып келип сатып жүргөн эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлуп, үчөө кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка караганда, алар 27 жана 18 жаштагы үч кыргызстандык болгон. Автоунааны тинтүү учурунда бир килограммга, ал эми жашаган жеринен 1,5 килограммга жакын синтетикалык баңгизат табылган. Мындан тышкары, маңзатты каткан 60тан ашуун жашыруун жайлар аныкталып, жоюлган. Ал жактан болжол менен 3 килограмм 335 грамм кооптуу зат алышкан.

“Кыргызстандын ичинде сатылат деп пландалган баш-аягы 5 килограмм 740 грамм синтетикалык маңзат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул көлөм 20-25 миң дозага барабар. Табылган синтетикалык баңгизаттардын көмүскө базардагы болжолдуу чекене баасы 30 миллион сомдон ашат”, -деп берилет билдирүүдө.

Учурда кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жана баңгизат каналдарын аныктоочу иштер уланууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

245