7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Казакстанга сертификаты жок 1,7 тонна коонду кайтарды

251

Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 1,7 тонна коон карантиндик талаптар сакталбагандыктан өлкө аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулганы аныкталган.

Текшерүүдө фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантиндик продукцияга тиешелүү сертификат жок экени белгилүү болгон. Ошого байланыштуу жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтаруу чечими кабыл алынган.

252