7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дайынсыз жоголгон 52 жаштагы жаранды өлтүргөн шектүүлөр кармалды

818

Дайынсыз жоголгон Араван районунун тургуну 1969-жылы туулган Ю.К., аттуу жаран киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун тургундары 34 жаштагы А.Б., 28 жаштагы Ш.О., жана 27 жаштагы Р.Ф., аттуу жарандар өлтүргөндүгү аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, тергөө башталган.

Аталган факт Араван РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык Кодексинин 130-беренесинде (Киши өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындай окуянын чыгуу себеби маркум менен кылмышка шектүүлөрдүн ортосунда аласа-бересе болгондуктан талаш-тартыштар улам уруша кетип аягы өкүнүчтүү окуя менен аяктаган тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болду.

Учурда кылмышка шектүү жарандардын башка кылмышка катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча да ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин, аталган факты боюнча 27-ноябрда маркумдун баласы 22 жаштагы Ю.Ж., аттуу жаран Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу атасы 20-ноябрда Россия Федерациясына барамын деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирип, арыз менен кайрылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

819