7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдардын билим деңгээли эркектердин билим деңгээлинен жогору

537

Аялдардын билим денгээли эркектердин билим деңгээлинен жогору. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Аялдар менен эркектердин ишмердиктин түрлөрү жана кесиптик топтору боюнча бөлүнүшү иштеген аялдардын билим деңгээли кыйла жогору экендигин аныкталган.

2020-2021- окуу жылынын башталышына карата жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында аялдар 52%, ал эми орто кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында 56% түздү. Ошол эле учурда, билим берүү, кеңири керектелчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, көркөм өнөр, сервис сыяктуу адистиктерден билим алууда кыздардын салттуу басымдуулугу белгиленет.

Ал эми эркектер машина куруу жана металл иштетүү, токой ресурстарын кайра иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү, курулуш жана архитектура, электрондук техника, энергетика менен байланышкан кесиптерди

Салттуу түрдө, кыздырдын үлүшү жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү (студенттердин жалпы санынан 86% жакыны), гуманитардык илимдер (73% ашык), тейлөө чөйрөсү (63% ашык), табигый илимдер (60% жакын) багыттары боюнча жогору. Ошол эле учурда, эркектер негизинен архитектура жана курулуш (82% жакын), айыл чарба илимдери (75% жакын), техникалык (69% ашык) жана юриспруденция (66% жакын) менен байланышкан адистиктерди тандашат.

Аспиранттардын саны 2016-жылга салыштырмалуу 16% көбөйгөн жана 2020-жылы 2,5 миң адамды түзгөн, ал эми докторанттардын саны 145 адамды түзгөн, бул 2016-жылдын деңгээлинен 3% жогору. Аспирантурада окуган аялдардын үлүшү — 60%, докторантурада — 69% түздү.

(2020/2021-окуу жылынын башына карата; пайыз менен)

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

538