«Ордо» партиясынын дайынсыз жоголгон лидери Мирбек Мияров табылды. Бул тууралуу партиялаштары билдиришти.
Алардын айтымында, Мияров тоодогу фермасына барган, ал жерден телефонунун заряды өчүп, унаасы да бузулуп калган.
Ал аялына ушул жагдайын гана айтууга үлгүргөн, бирок толук так маалымат жок. Саясатчынын жубайы күйөөсүнүн жоголгондугу тууралуу арыз жазуудан баш тартты.