7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-каналдын өнөктөшү Йотсухащи Мичинори Япониянын Яизу шаарында Ардактуу консул болду

277

26-июлда Тюбу аймагынын Айти, Фукуи, Гифу, Ишикава, Нагано, Шизуока, Тояма, Яманаси, Ниигата префектураларын камтыган Яизу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ардактуу консулдукту Йотсухащи Мичинори жетектеди. Салтанаттын жүрүшүндө КР Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эркинбек Осоев Йотсухащи Мичинорини кеңсесинин ачылышы менен куттуктап, консулдук патентти тапшырды. Ачылыш аземи Элчиси Эркинбек Осоевдин жана Япониянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Осоев М.Йотсухащини куттуктап, Ардактуу консулдуктун эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштарды чыңдоо, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле түп аймагында жашаган мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн жасаган иштеринин өзгөчө маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Ардактуу консул Йотсухащи көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө толук көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында элчи Осоев менен Ардактуу консул Йотсухащи Яизу шаарынын мэри Хиромичи Накано менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Осоев Ардактуу консулдуктун ачылышын белгилеп, билим берүү жана илим, инновация жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө, ишкердик, маданий байланыштарды чыңдоого жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүүгө болгон умтулууларын белгиледи.

Яизу шаарынын мэри Хиромичи Нагано адам ресурстары жана жалпысынан эки тараптуу мамилелер жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн тыгыз кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

 

278