7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Париж — 2024: Жоламандын жылдызы жанып, алтын утабы?

282

Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта кимдер лидер, кимдер алтынга талапкер?

Париж Олимпиада оюндарынын башталаарына саналуу күндөр калды. Мында Кыргызстандын намысын 10 балбан коргойт. Алардын ичинен жеңил салмакта алтын байгеге талапкер Жоламан Шаршенбеков экенин дүйнөлүк адистер дагы баса белгилеп жатышат. Ошондуктан грек-рим күрөшүндө 60 кг чейинки салмак категориясында Жоламанга кимдер атаандаш болоорун, алардын дараметин талдоого алып көрүлү.

Бул салмакта соңку Токио Олимпиадасынын чемпиону, кубалык Луис Орта Санчестин 60 килограмм салмактан 67 килограммга өткөнү көптөгөн балбандардын алтын байгеге карай жолун ачты.

60 кг салмакта күчтүү, таланттуу жана чыгаан балбандар көп. Бирок учурда негизги фаворит кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков болуп турганын адистер айтышып, анын чеберчилигине жогору баа берип келишет. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Жоламан дүйнөнүн эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатында эки ирет күмүш байгесин утуп, Азиянын үч жолку чемпиону.

2022-жылкы Азия оюндарында бардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынган. Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү, Азия чемпионаттарынын эки жолку күмүш байге ээси. Уландар жана жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси. Агасы Тынар дагы Азия чемпиону.

Жоламандын чапчаң, колдон буттан суурулуп, ыргытып атса да буту менен түшкөндөй шамдагайлыгын көрүп, «Жоламан илибрс эле болуп калыптыр» дегендер четтен чыгат. Жоламан соңку бир нече жылдан бери жолунан чыккандын баарын чочутуп, апкаарытып келе жатат.

Чынында Жоламан табында болуу менен эки жыл катары менен дүйнө чемпиондук наамын коргоп, чемпиондук курду эч кимге алдырбай келүүдө. Физикалык жана техникалык жактан күчтүү Жоламандын эң негизги фактору – анын кайраттуулугу, атаандашынан жалтанбаган мүнөзү. 

Токио олимпиадасынан жолу болбой калгандан бери Жоламан бармагын тиштеп, Парижде финалга чыгып, алтын медаль тагынууну самап, даярдык көрүп жатат. Спорт адистери дагы Жоламанды баш байгеге бирден бир башкы талапкер экенин айтып жатышат.

Булак: BBC

283