7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК төрагасынын кубогу үчүн спартакиада да жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылды

599

УКМК төрагасынын кубогу үчүн спартакиада жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунда УКМКнын бардык облустук башкармалыктарынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, ошондой эле УКМКнын ардагерлеринин катышуусундагы УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спорттун командалык түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Буга чейин маалымдалгандай, иш-чара спорттун беш түрү: волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол тенниси боюнча өттү.
Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө төраганын кубогу жана байгелер ыйгарылды.

Спартакиаданын жабылыш аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, бул иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. Кызматкерлердин ыкчам иш-аракеттеринин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун кепилдиктеринин бири катары спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин дене тарбия деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тийешелүү тапшырмалар өздүк курамга берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600