7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спортчу Ален Офойо бир жарандын тишин түшүрө урган деп шектелүүдө

477

Бүгүн 23-октябрда белгилүү спортчу Ален Офойо милицияга жеткирилгенин шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 22-октябрда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде болгон. Арыз ээси спортчу аны бетке уруп, эки тиши түшкөнүн билдирип, чара көрүүнү суранган.

Бул факт Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Окуя болгон жерге кайгуул кызматкерлери барып, спортчу менен кошо дагы 1990, 1982, 1985 жана 1988-жылы туулган үч жаранды милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Сурактан кийин алар баары милиция чакырганда барып туруу милдеттенмеси менен кайра коё берилген. Экинчи тарап да милицияга арыз жазып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилери маалымдалды.

Белгилей кетсек, Ален Офойо эл аралык класстагы спорт чебери, ал Азиянын, Европанын жана Евразиянын чемпиону.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

478