Жалал-Абад шаардык милициясы жана ЖКККБ кызматкерлери 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата мектеп окуучуларына жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте мугалимдерге жагымдуу маанай тартуулады.
Окуучулар милициянын позитивдүү иш-чарасынан кийин ата-энелерине чалып, майрамдары менен куттуктады.
Мындан сырткары автоунаа айдаган айымдарга майрамдык гүлдөр таратылып, жол эрежесин бузбоого чакырды.