7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсептөө палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?

758

Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылгандыгы үчүн Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Эсептөө палатасынын инспектору М.Ф.К., Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 22 билим берүү мекемесинде (19 мектеп жана 3 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн башкармалыктын жетекчилигинен опузалап акча талап кылган.

Өз кезегинде Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында аталган райондогу ар бир билим берүү мекемесинен 25 миң сомдон чогулткан. Ошондой эле, инспектор өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектүү катары Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМК тарабынан мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

759