7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 8 миң түп жаңгак көчөтү отургузулат

490

Жалал-Абадда 20 гектар жерге жаңгактын 8000 түп көчөтү отургузулат. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Көчөттөр Ачы, Каба токой чарбаларынын жыйырма гектар жерине тигилет. Бул аймак Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Жалал-Абад облустук мамлекеттик токой фондунун карамагында турат. Жумуш «Жашыл мурас» фонду менен биргеликте аткарылмакчы.

Мындан тышкары, Тоскоол-Ата токой чарбасына дарактын 1000ге жакын көчөтү токойду толуктоо максатында отургузулат. ӨКМ бул иш-аракеттер президент Садыр Жапаровдун «2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

491