7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Крокустагы» теракт. 70дей кыргызстандык Россияга киргизилген эмес

454

«Крокус сити холлдогу» теракттан кийин 69 кыргызстандык Россияга киргизилген эмес. Бул тууралуу жыйында Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирген.

Анын айтымында, теракттан соң 23-марттан тарта Москвадагы аэропорттон бир катар кыргызстандык артка кайтарылган. Алар Москвага учуп барышкан бирок, аэропорттон ары чыга алган эмес. Алардын арасында буга чейин “кара тизмеге” киргендер бар.

Министрдин орун басары депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, айрымдары кайра учуп келүүгө кеткен чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөгөнүн, ал эми айрымдарына авиакомпаниялар жардам бергенин белгиледи.

Эскерте кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус сити холл» концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Теракттын кесепетинен 143 адам каза болуп, 360 адам жаракат алган.

455