7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагозов: Бишкек ТЭЦи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт

446

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Бишкек ТЭЦине байланыштуу акыркы маалыматтарга карата түшүндүрмө берди.

“Бишкек ТЭЦи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ТЭЦинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган.

Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду.

Бул кызматкердин жалган маалыматты таркатуусунун максаты кандай болгону, бул маалымат менен коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгонбу-жокпу териштирүү жүргүзүлүп башталды”,-деп берилет маалыматта.

 

 

447