7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манасчы Рысбай Исаков: Гиннес китеби үчүн 124 саат «Манас» айтканымды сындагандар да чыккан

530

Кыргыз эл артисти, манасчы Рысбай Исаков: Манасчылар «Манасты» кайсы болбосун жерде айта берет, «Манас театрынын» жаңы имараты – көрүүчүлөр жана «Манасты» сүйгөндөр үчүн курулду. Театрдын жаңы имаратын куруу иштери президент Садыр Жапаровдун колдоосу болбосо, ишке ашпайт эле, мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиевдин дагы салымы зор. «Манас» Театрыбыз «Манас академиясы» менен дагы тыгыз кызматташат.

Көпчүлүк эл гана эмес, көпчүлүк окумуштуулар дагы «Манасты» эмгиче жөн гана адабият катары кабыл алат, чындыгында болсо «Манас» кыргыз элинин тарыхы менен маданиятын камтыган терең жана чексиз океан, аны изилдөө иштери баштала да элек десе болот. Бирок айрым манасчылар кээде бирин-серин ката кетирип койсо, айрымдар ошого асылып, бир миң учурдун бирин көзүнө кармап алып, ошону сындап жатып алганы күйдүрөт. Андай «сынчылар» 9 миң 999 туура учурду көзгө илбейт. Аны мен өз тажрыйбамда да кездештирдим…

531