7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент мамлекеттик сапар менен Бакуга барды

423

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжан республикасына барды.

Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда Садыр Жапаровду Азербайжандын премьер-министринин орун басары Шахин Мустафаев тосуп алды.

Баку шаарынын эл аралык аэропортунун флагштокторуна Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилди.

24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулайт.

Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат.

 

424