7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакуда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

650

Бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Зугульба” резиденциясында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Бири-бири менен салам алышкандан кийин мамлекет башчылары Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, тизилген катардын алдынан өтүштү.

Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин Президенттер расмий делегацияларын тааныштырды.

Андан соң биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүү залына өтүштү.

 

651