Ысык-Көлдө индиялык эки жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 21-апрелде болгон. ӨКМге Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде 2 эркек киши (болжолдуу Индиянын жарандары) көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, 1 эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 1 эркек кишинин жансыз дененсин жергиликтүү тургундар чыгарышкан.