Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенген жарандар кармалды . Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
18-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында «Б» аттуу жаран сойкулук менен алектенип көмүскө жайларды уюштуруп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан алынган.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтарды электрондук журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад ШИИБдин т ергөө кызматына жиберилген.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.
22-апрель күнү кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде көмүскө жайын уюштуруп, сойкулук менен алектенгендер кармалган.
Алар Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургуну — М.Ч. жана 29 жаштагы С к.Ж., Ош облусунун 37 жаштагы тургүну Р к. А., 35 жаштагы К к. Н. жана 32 жаштагы К.Н. Чүй облусунун 38 жаштагы М.А. аттуу тургундары экендиги такталган.
Учурда бул кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.