7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты

409

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты.

Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди. 

Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь —  Александр Лукашенко, Казакстан — Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан — Садыр Жапаров, Россия —  Владимир Путин, Тажикстан — Эмомали Рахмон, Түркмөнстан —  Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан — Шавкат Мирзиеевдер катышты.

Ошондой эле Кубанын президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбалолор чакырылган.

Жеңиш парады аяктагандан кийин мамлекет башчылары Россиянын президенти Владимир Путин менен  биргеликте Александр бакчасындагы Белгисиз Солдаттын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

410