Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты.
Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди.
Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь — Александр Лукашенко, Казакстан — Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан — Садыр Жапаров, Россия — Владимир Путин, Тажикстан — Эмомали Рахмон, Түркмөнстан — Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан — Шавкат Мирзиеевдер катышты.
Ошондой эле Кубанын президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбалолор чакырылган.
Жеңиш парады аяктагандан кийин мамлекет башчылары Россиянын президенти Владимир Путин менен биргеликте Александр бакчасындагы Белгисиз Солдаттын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.