7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек бажысы толугу менен санариптештирилди

479

Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен соодасындагы статистикалык айырмачылыгын кескин төмөндөтө алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

“Белгилүү болгондой президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги (ЖЕЭК) отурумуна катышты. Аталган экономикалык уюмдун жыйынына тийиши бар өлкөбүздүн позитивдүү тажрыйбасы жөнүндө маалымат менен бөлүшөйүн дедим.

Уюмга мүчө мамлекеттер менен аларга чектеш башка өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмүнүн айырмачылыгы маселеси маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Мындай айырма мисалы, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогору болуп келген.

Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен соодасындагы статистикалык айырмачылыгын кескин төмөндөтө алды. 2020-жылы эле бул айырма төрт эсе болчу. Буга бажыдагы коррупция, ошол эле айтылуу Райым Матраимовдун коррупциялык схемаларынын салымы болуп келгени маалым.

Бул айырмачылыкты минималдаштыруу үчүн Өзбекстандын бажы кызматы менен биргеликте автоматташтырылган маалыматтык система (“Портал информационного обмена”) киргизилген.

Бул система эки мамлекеттин бажычылары онлайн режимде алмашкан товарлар тууралуу маалыматты автоматтык түрдө анализ кылат.

Жыйынтыгында 2020-жылкы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы айырмачылык 272 (эки жүз жетимиш эки) пайыз болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч болгону 12 ( он эки) пайызды түзгөн.

Кыргызстан жетекчилиги бул тажрыйбаны эми башка өлкөлөргө, биринчи кезекте Кытай Эл Республикасына пайдаланууну пландап жатат.

Буга чейин санариптештирүү, айрыкча бажы тармагын санариптештирүү демилгеси көп эле айтылып келген, бирок ишке ашкан эмес. Бул процесс 2020-жылдан кийин ыкчам ишке ашырылды.

Кыргызстанда ар кыл тармакта санариптештирүү ишке ашырылып жатышына Президент Садыр Жапаровдун маалыматтык технологияларга жакын болуусунун да салымы бар десем жаңылышпайм”,- деди ал.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

480