7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте милиция кызматкерлери пара алып жатканда кармалды

588

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын ыкчам кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

16-майда 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Октябрь РИИБнин улук ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты С.у.Б. жана ыкчам кызматкер, милициянын улук лейтенанты М.М.Б. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери жасалма факты боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Өзбекстандын жаранынан акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган кызматкерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

589