7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Акыркы коӊгуроо» — акыркы күн болуп калбасын!

449

Бүгүн, 25-майда Кыргызстандагы мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүүдө. Буга байланыштуу, ЖКККББнын басма сөз кызматы бүтүрүүчүлөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарына кабылууларын алдын алуу максатында бүтүрүүчүлөргө эскертүүдө.

«Урматтуу бүтүрүүчүлөр! 25-май күнү «Акыркы коӊгуроодон» кийин майрамдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынган. Айрыкча айдоочулук укугу берилбеген окуучулардын автоунаа айдоосуна, ошондой эле, жаратылыш койнунда же болбосо башка эс алуучу жайларда өз алдынча белгилөөгө тыюу салынганын эскертебиз»,- деп берилет билдирүүдө.

Бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кошумча күзөттөрдү кою менен  күчөтүлон тартипте кызмат алып барат. Эгерде мындай учурлар аныкталса, уюштуруучуларга жана катышуучуларга карата тийиштүү чаралар колдонулат.

450