7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров иш сапары менен Францияга барат

432

Президент Садыр Жапаров Франция республикасынын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат.

Бул тууралуу Кыргыз республикасынын президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.

26-июлда президент Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

 

 

433