7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катардан келген дарыгерлер угуусу начар балдарга акысыз операция жасайт

696
Катардан келген дарыгерлер Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кохлеардык имплантация боюнча бекер операцияларды жасашат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
24-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭжБКУБ) Катардан келген отохирург-дарыгерлер тобу тарабынан уюштурулган кайрымдуулук акциясы башталат. Иш-чаранын алкагында угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча бекер операциялар жасалат.
Бейтаптарды тандоо этабы башталды жана ал 20-сентябрга чейин созулат. Операцияга эки тараптуу дүлөйлүгү, 4 даражадагы эки тараптуу сенсоневралдык угуусу начар жана постлингвалдык дүлөйлүгү бар 5 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Операция алдында балдар комплекстүү текшерүүдөн өтүп, медициналык комиссиядан өтүшү керек.
697