7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолукту

434

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Экономикалык, инвестициялык жана билим берүү чөйрөлөрүндө кыргыз-герман кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Германияга туруктуу өнүгүү жана социалдык-экономикалык реформалар жаатындагы ар дайым колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Федералдык канцлер Олаф Шольц өз кезегинде Германия Кыргызстан менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, өлкөнүн Борбор Азиядагы негизги өнөктөш катары маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар климаттык күн тартибинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулап, регионалдык маселелерди чечүү боюнча демилгелерди колдошту.

 

 

 

435