7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Менчиктештирилип кеткен Тарыхый жана маданий эстелик мамлекетке кайтарылды

370

Менчикке чыгып кеткен тарыхый жана маданий эстелик болуп саналган имарат мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Бишкектин борборунда жайгашкан имараттын баасы 317 миллион 106 миң сом же 3 млн. 750 миң АКШ долларын түзөт.

«Советтер Союзу кулагандан кийин менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда «Туңгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен «Т.П.Ц.Т.» ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталды. Аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп, мамлекеттин коргоосунда турат. Ошондой эле бул имарат көп жылдар бою түнкү клуб катары иштеп келген»,- деп берилет билдирүүдө. 

Менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада мүлк мамлекетке кайтарылды.

 

 

 

371