Бишкекте автобус жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп кеткен видео социалдык тармактарга тараган.
Окуя 7-октябрда болжол менен саат 10:00 чамасында болгон. Автобус айдоочусу кызды сүзүп кеткен.
2006-жылы туулган кыз алган жаракатынан улам каза болгонун Бишкек ШИИБинен билдирди. Автобус айып короого киргизилди, тергөө уланууда.