7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык гимнасттар эл аралык турнирде байгелүү орундарды алды

514

Сербиянын Белград шаарында өткөн эстетикалык топтук гимнастика боюнча жогорку категориядагы турнирде Кыргызстандын гимнасттары байгелүү орундарга ээ болушту. Турнирге 16 өлкөдөн келген 600 гимнаст катышкан.

Алар эстетикалык топтук гимнастика боюнча күмүш медалды жеңип алышты. Айым Токушова топ менен аткарган көнүгүүсүндө алтын медалга ээ болсо, сегиз жаштагы Арууке Абдырасакова буюмсуз көнүгүүдө коло медалды жеңип алды. Ал эми Таисия Пономарева жана Алия Сыдыкбаева «Мисс Шарм» жана «Мисс жылмаюу» наамдарына татыктуу болушту.

Гимнасттар Академия Гимнастика жана «Ынтымак» спорт мектебинин жана клубдарынын атынан чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретишти.

515