7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда милиция кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды

329

Жалал-Абадда ызы-чуу салып, тескөөчүгө кол көтөргөн айдоочу кармалды.

18-октябрь күнү Ноокен РИИБү боюнча ЖКККБнүн кенже тескөөчүсү милициянын улук сержанты Т.К. арыз менен кайрылган. Ал Ноокен районунун аймагында Бишкек-Ош авто жолунда кызмат өтөп жаткан учурунда, жолду бөлүп турган эки узун сызыкты кесип өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып келе жаткан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын токтотуп, айдоочуга жол эрежесин бузгандыгын айтып документтерин сураган учурда, айдоочу документтерин берүүдөн баш тартып, ызы-чуу салып, кызматтык кийимине асылып, чиндерин жулуп, жакалап нары-бери сүйрөп, колуна миздүү темир алып сайып койом деп зомбулук көрсөткөндүгүн билдирип, жогорудагы айдоочуга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган маалымат, Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган факты боюнча, Ош областынын Ноокат айыл аймагынын 2001-жылы туулган А.А. экендиги аныкталып, А.А. өзүнүн берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып өкүнөөрүн билдирген.

Жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат

330