7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элмурза Сатыбалдиев «Мекенчил» депутаттык тобунун лидерлигинен кетти

477

Элмурза Сатыбалдиев «Мекенчил» депутаттык тобунун лидерлигинен кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, Сатыбалдиев мындай чечимди ден соолугуна байланыштуу кабыл алган.

«Мекенчил» депутаттык тобунун лидеринен кат келди. Элмурза Сатыбалдиев топтун лидерлигинен ден соолугуна байланыштуу кетүүнү чечти. Анын эмгеги үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул кызматта эки жыл үзүрлүү эмгектенди», — деди Шакиев.

Сатыбалдиевдин ордуна Кундузбек Сулайманов шайланды.

 

 

478