7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан Абаскан: Күйүүчү майга белги салына баштагандан кийин акцизден түшкөн салым 214 пайызга өстү

452

«Учкун» ишканасынын отунду маркалоо борборунун жетекчиси Улан Абаскан: Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда кабыл алган 361-токтому менен «Учкун» акционердик коомуна Кыргызстанга сырттан келген күйүүчү майды маркалоо милдети жүктөлгөн, анткени өлкөгө аткезчилик жол менен өтө көп мыйзамсыз суюк отун алып келинет экен. Мыйзамдуу түрдө келген күйүүчү майга биз суюк түрдөгү маркер кошобуз жана кийин ошол маркер аркылуу атайын аспаптар менен – тиги же бул суюк отун мыйзамдуу алып келингенби, же мыйзамсызбы дегенди ылдам эле аныктап алса болот.

Бул маркер Сингапурда жайгашкан дүйнөгө белгилүү компаниядан алынган, ал маркерди суюк отундун ичинен аныктап алуу аспаптары менен бизди өкмөт камсыздап берди. Ал компаниянын адистери келип, биздин операторлорду окутуп, кантип иштөөгө үйрөтүп кетти. Күйүүчү майды сырттан импорттоп келген компаниялар менен биз келишим түзүп, алардын алып келген суюк отунуна белги коё баштадык. Биздин бул кызматыбыз үчүн ал компаниялар ар бир литри үчүн 37 гана тыйын төлөйт, ошондуктан бензиндин баасы көтөрүлбөш керек.
https://youtu.be/vRTzwpTykrM

453