7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда жаныбарлар да коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт

753

Орусияда жаныбарлар үчүн коронавируска каршы «Карнивак-Ков» аталышындагы вакцинасы өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарбасын көзөмөлдөө органынын вице-президенти Константин Савенковдун билдиргенине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, вакцинанын клиникалык сыноолору 2020-жылдын октябрь айында башталып, сыноодон ит, мышык, түлкү, булгун жана башка жаныбарлар өткөн.

«Изилдөө учурунда вакцинанын зыяны жок экендиги аныкталган. Эмделген жаныбарлардын баары ооруга каршы антитело иштеп чыгып, иммунитети алты ай бою коргоодо болгон. Препаратты көп өлчөмдө чыгаруу апрель айында башталат. Бул вакцинаны Греция, Польша жана Австрияга жеткирүү пландалууда», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

754