7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто илбирстин терисин мыйзамсыз сатып жаткандар колго түштү

685

Ош шаарында илбирстин 3 терисин 4500 долларга сатып жаткан жаран УКМК тарабынан колго түштү.  Маалыматка ылайык, «К.А.С.» аттуу адам Тажикстан Республикасынын жарандарынан алган илбирстин үч терисин Ош шаарында 4500 АКШ долларына сатууну пландаштырган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси (Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда башка шериктерин табуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда»,-деп жазылат УКМКнын басма сөз кызматы берген маалыматта.

Белгилей кетсек, илбирс улуттук мыйзамдардын чегинде корголуп, Кызыл китепке кирген жаныбар, Бишкек шаарынын символу жана аны сатуу мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686