«75 адамдын каты» боюнча кармалды делген Бакытбек Жумагулов абактан бошотулуп, үй камагына чыкты. Эми ал 10-июнга чейин көзөмөлдө болот. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим 11-апрелде кабыл алынган.
Эске салсак, Жумагулов Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу», «Кылмышка даярдык көрүү» беренелери боюнча кармалган. Деген менен анын аты-жөнү президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында жок.
Ушул жылдын 9-февралында мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбековдор кармалышкан.



